.
Контент, который может быть интересен каждому. Без ограничений по темам, форматам и стилям подачи.
Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2014-жылдын9-октябрындагы № 591 токтомуна2-тиркеме
1. Бул убактылуу методика кесиптик лицейдин ишин камсыз кылуу үчүн бюджеттик каржылоонун минималдуу стандарттарынын негизинде мамлекеттик бюджеттин каражаттарына керектөөлөрдү пландаштыруу ыкмаларын аныктайт.
2. Башталгыч кесиптик билим берүүнүн (мындан ары - БКБ) билим берүү уюмдарын, кесиптик лицейлерди (мындан ары - КЛ) бюджеттик каржылоонун минималдуу стандарты (мындан ары - БКМС) негизги билим берүүчү программалардын мазмунунун ченемдеринин, бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапатына базалык талаптардын, бир окуучуга эсептелип, чектелген жол берилген окуу жүктөмүнүн негизинде аныкталган каржылоонун минималдуу деңгээли болуп эсептелет.
3. Кесиптик лицейлердин БКМСи сынамык кесиптик лицейлерди каржылоонун көлөмдөрүн аныктоодо ачык-айкындык жана адилеттүүлүк принциптеринде түзүлгөн бирдиктүү методикалык ыкманы камсыз кылуу максатында киргизилет.
4. Кесиптик лицейлердин бир окуучусуна карата БКМСнын түзүмү төмөнкү компоненттерден турат:
- административдик-башкаруучу персоналдын, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын эмгек акысы;
- окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу устаттарынын эмгек акысы;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр;
- социалдык милдеттенмелердин ченемдери (тамак-аш, стипендиялар, окутуучулардын жана устаттардын квалификациясын жогорулатуу);
- материалдык-техникалык камсыздоо жана окуулук чыгымдоо материалдарын сатып алуу ченемдери.
5. БКМС эсептөө төмөнкү формула боюнча жүргүзүлөт:
(1) БКМС = (АТКЭ + ОУЭ) + СФ + Соц + ОМТЧ,
АТКЭ - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен белгиленген административдик-башкаруу персоналынын, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын эмгек акысы;
ОУЭ - окутуучулардын жана устаттардын эмгек акысы;
СФ - бекитилген тарифтер боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр;
Соц - социалдык милдеттенмелерди аткаруу боюнча чыгымдар (окуучулардын тамак-ашы жана стипендиялары, КЛ кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу);
ОМТЧ - материалдык-техникалык камсыздоо жана окуулук чыгымдоо материалдары менен камсыздоо чыгымдары.
6. БКМС төмөнкүлөр боюнча эсептелет:
1) окутуунун узактыгы (окутуунун шкаласы):
2) региондук белги:
7. Төмөнкү көрсөткүчтөрдү эске алуу менен, эмгек акы төлөө фондун аныктоо жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу' боюнча чегерүүлөрдү эсептөөнүн негизи болуп саналат:
- типтүү окуу планы боюнча окуу сааттарынын саны;
- топтордун жана топчолордун ченемдик толуктугу;
- педагогикалык иштин бир саатынын орточо наркы;
- устатка эмгек акы төлөөнүн орточо коюму.
8. Окутуучулар курамынын жана өндүрүштүк окутуу устаттарынын эмгек акысын төлөө типтүү окуу планынын негизинде аныкталат, анда окутуунун түрлөрү боюнча таблицага ылайык сабактарга төлөнүүчү сааттардын зарыл болгон саны (жалпы билим берүү жана кесиптик даярдоо), ошондой эле окуучулардын контингентинин жалпы санына, топтордун жана топчолордун санына жараша өндүрүштүк окутуу жана практика аныкталган.
Жалпы билим берүү
Өндүрүштүк окутуу жана практика
9. Бир окуучуга эсептегенде негизги билим берүү программаларын аткарууга эмгек акы төлөөнүн базалык фондунун чыгымдары (ОУЭ) төмөнкү формула боюнча аныкталат:
(2) ОУЭ = (Эокут + Эу),
Эокут - жалпы билим берүү жана жалпы кесиптик сабактардын окутуучуларынын базалык эмгек акысы;
Эу - өндүрүштүк окутуу устаттарынын базалык эмгек акысы.
(2) формуланын компоненттери:
(3) Эокут = (Coi х Эо х Ti) / Oi х (Кст + 1,2)
(4) Эу = (Эу х Ti х 2) / Oi х (Кст + 1,2),
i - окутуу курсу;
Coi - жалпы билим берүү сабактарынын жана i курсу боюнча жалпы кесиптик даярдоонун окутуучуларынын окутуучулук иштерине сабактар боюнча төлөнүүчү сааттарынын саны;
Эо - жалпы билим берүү сабактарынын жана жалпы кесиптик даярдоонун окутуучуларына окутуучулук иши үчүн саатына акы төлөөнүн белгиленген өлчөмү;
Эу - устаттарга өндүрүштүк окутуу жана тарбиялык иши бир коюм үчүн акы төлөөнүн белгиленген өлчөмү;
Ti - i курсу боюнча топтордун саны;
Оi - i курсундагы окуучулардын саны;
Кст - педагогикалык иш стажы үчүн кошумча акынын эсептик коэффициенти;
1,2 - окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу устаттарынын кызматтык маяналарынын саатына акы төлөөнүн өлчөмүнүн коэффициенти.
10. Эмгек акы төлөө өлчөмү педагогикалык персоналга карата (тарификацияга жана штаттык ырааттамага ылайык) коюмдарга жана педагогикалык иш стажы, илимий даражасы, ардак наамы, бийик тоолуу жана алыскы зоналарда иштегендиги. айыл жеринде жайгашкан билим берүү уюмдарында иштегендиги үчүн кызматтык маяналарына үстөктөрдү колдонуу менен аныкталат.
11. Окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу устаттарынын эмгек акысын төлөө, айыл жеринде жайгашкан (Эоу-айыл) окуу уюмдарындагы иши үчүн кошумча акыларды эске алуу менен төмөнкү формула боюнча бир окуучуга карата эсептелет:
(5) Эоу-айыл - Эоу + (Coi х N + Coi х 1000) / О,
Эоу - жалпы билим берүү сабактарынын окутуучуларынын, кесиптик окутуучуларынын жана өндүрүштүк окутуу устаттарынын 1 окуучуга эсептелген эмгек акысы;
Coi - жалпы билим берүү сабактарынын окутуучуларына, кесиптик окутуучуларына i курсу үчүн сабактардын саны;
Cyi - устаттардын i курсу үчүн коюмдарынын саны;
О - окуучулардын саны;
N - айыл жеринде жайгашкан жалпы билим берүү уюмдарындагы жалпы билим берүү жана кесиптик циклдин окутуучуларынын иши үчүн кошумча акысынын эсептик коэффициенти;
1000 - айыл жеринде жайгашкан билим берүү уюмдарындагы иши үчүн, өндүрүштүк окутуу устаттарынын коюмуна кошумча төлөө, ал 1000 сомго барабар.
12. Окутуучуларга жана устаттарга эмгек акысын төлөө бийик тоолуу жана алыскы зоналардагы стажы үчүн үстөк жана бийик тоолуу жана алыскы зоналарда эмгек акысына кошумча төлөөнүн коэффициенти менен төмөнкү формула боюнча эсептелет:
(6) Эоу-шаар бийик = (Эоу + Кст.бийик) х Кбийик;
(7) Эоу-айыл бийик = (Эоу + (Coi х N + Cyi х 1000) / О + Кст.бийик) х Кбийик,
Кст.бийик - бийик тоолуу жана алыскы зоналарда иш стажы, илимий даражасы, ардак наамы үчүн үстөк;
Кбийик. - бийик тоолуу жана алыскы зоналарда иштегендердин эмгек акысына кошумча төлөө;
О - окуучулардын саны.
13. Административдик-башкаруучу персоналга (АБП), ошондой эле техникалык (ТТП) жана кенже тейлөөчү персоналга (КТП) эмгек акы төлөө фондунун көлөмү ар бир лицей үчүн туруктуу сарптоолор категориясына кирет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген АБП, ТТП жана КТП штатын көбөйтүүгө (же кыскартууга) алып келүүчү окуучулардын саны өзгөргөндө гана өзгөртүлөт.
Эмгек акылардын коюмдарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тиешелүү үстөктөр колдонулат.
Айыл жеринде жайгашкан билим берүү уюмдарындагы иши үчүн кошума төлөөнүн өлчөмүн эске алуу менен АБПнын (башкы бухгалтерлерди кошпогондо) эмгек акысы бир КЛга айыл жеринде жайгашкан лицейдин АБП кызматтык маяналарынын суммасына эсептик коэффициентти колдонуу жолу менен эсептелет.
(8) ЭА-айыл. = ЭА + МА х Кайыл,
ЭА - (1) формулага карата түшүндүрүүлөргө ылайык эсептелген АБП эмгек акысынын ченеми;
МА - АБП маяналарынын суммасы;
Кайыл - айыл жеринде жайгашкан билим берүү уюмдарындагы иши үчүн кошумча төлөөнүн эсептик коэффициенти.
14. Илимий даражасы, ардак наамы, бийик тоолуу жана алыскы зоналарда иштегендиги үчүн кызматтык маяналарына үстөктөрдү кошуу менен административдик-башкаруу персоналына эмгек акы төлөө төмөнкү формула боюнча эсептелет:
(9) ЭА-шаар бийик = (ЭА + Кст.бийик) х Кбийик;
(10) ЭА-айыл бийик = (ЭА + МА х Кайыл. + Кст.бийик.) х Кбийик,
Кст.бийик - бийик тоолуу жана алыскы зоналардагы иш стажы, илимий даражасы, ардак наамы үчүн үстөк;
Кбийик - бийик тоолуу жана алыскы зоналарда иштегендердин эмгек акысына кошумча төлөө.
15. Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зоналарда жашаган жана иштеген ТТП жана КТП кызматкерлери бийик тоолуу жана алыскы зоналардагы эмгек акысына кошумча төлөөлөрдү алышат:
(11) ЭТК-бийик = (ЭТК + Кст.бийик) х Кбийик,
ЭТК - (1) формулага карата түшүндүрүүлөрүнө ылайык эсептелген ТТП жана КТП эмгек акылары;
Кст.бийик - илимий даражасы, ардак наамы, бийик тоолуу жана алыскы зоналарда иштегендиги үчүн кызматтык маяналарына үстөк;
Кбийик - бийик тоолуу жана алыскы зоналарда иштегендердин эмгек акысына кошумча төлөө.
16. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эсептелет.
17. Педагогикалык персоналдын квалификациясын жогорулатууга чыгымдардын БКМС эсеби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген командировкалык чыгымдардын ченемин эске алуу менен эсептелет. Бир окуучуга ченем квалификациясын жогорулатууга байланышкан командировкалык чыгымдардын суммасын окуучулардын жалпы санына бөлүү менен аныкталат.
18. Окуучулардын тамак-ашына БКМС Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
19. Стипендияларды төлөөгө БКМС Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
20. Материалдык-техникалык камсыздоого чыгымдар жана чыгымдалуучу окуу материалдары төмөнкүлөрдү камтыйт:
- транспорттук кызмат көрсөтүүлөр;
- кызматтык жол кире чыгымдары;
- башка кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу;
- дары-дармектерди сатып алуу;
- чыгымдалуучу окуу материалдарын сатып алуу.
21. КЛ үчүн республикалык бюджеттин чыгымдары төмөнкү формула боюнча аныкталат:
(12) Б = К х р + КК + И,
Б - КЛ республикалык бюджеттин чыгымдары;
К - БКМС камсыздоого мамлекеттик бюджеттин каражаттарына керектөө;
р - алдыдагы жылда мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан БКМС жабуу ченеми;
КК - коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө (анын ичинде көмүр сатып алууга) мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын чыгымдары;
И - инвестициялык максаттарга мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын чыгымдары.
22. Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө (электр энергия, жылытуу, көмүр сатып алуу, сууну керектөө, байланыш кызмат көрсөтүүлөрү) акы төлөөгө чыгымдар бекитилген сметаларга жана керектөө лимитине ылайык каржыланат.
Платформа предназначена для свободного распространения информации, собранной из доступных сетевых источников. Мы стремимся дать пользователю выбор и разнообразие, не навязывая тематику и формат.
Дайджесты по темам, вызывающим интерес у широкой аудитории.
Справочная информация по бытовым, культурным, технологическим вопросам.
Подборки контента, отобранного по тематике и релевантности.
Хронологическая лента публикаций без ограничений доступа.
📍 г. Челябинск, ул. Рубежная, д. 5, офис 122
☎ +7 (351) 800-54-91
📧 info@site.ru
🕓 Время приёма: ежедневно с 09:00 до 21:00
Сайт использует контент, размещённый в открытом доступе. Мы не проверяем его происхождение вручную и не редактируем содержимое. Материалы обрабатываются в автоматическом режиме.
Если вы считаете, что ваши права нарушены, пожалуйста, сообщите нам — информация будет проверена и при необходимости удалена.
Ресурс не является СМИ и не осуществляет журналистскую деятельность.